Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 3-декабрь 2018 –жыл, саат 10-00      1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

30-11-2018
12:21

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

3-декабрь 2018 –жыл, саат 10-00                                            1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

            1. Кыргыз Республикасынын депутаттары Г.Асылбаева, С.Айдаров, И.Гайпкулов, Д.Бекешев, А.Султанов, Д.Исаева тарабынан демилгеленип киргизилген  “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Экинчи окууга.

            Баяндамачы:

            Асылбаева Гульшат Кадыровна –Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            2. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-октябрындагы №509 токтому).

            Баяндамачы:

Ирсалиев Медер Эсенгулович – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

 

            3. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы   № 452 токтому).

            Баяндамачы:

Ирсалиев Медер Эсенгулович – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

 

            4. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансалык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы №229  токтому).

            Баяндамачы:

Ирсалиев Медер Эсенгулович – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

           

            5.  “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик  жана Гранттык макулдашуулардын долбоору.  Макулдашууга киргизилет

            Абдиев Бактыбек Абышевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            6. Ар кандай маселелер.

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                                 Э.Токтошев