Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму  29-октябрь 2018 –жыл, саат 10-00          1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

25-10-2018
16:20

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 

 

29-октябрь 2018 –жыл, саат 10-00                                       1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

          1.“2017-жылдын 25-сентябрындагы Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын
18-сентябрындагы Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (КFW) Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №280 токтому).

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

            Чакырылган:

           Мурашев Нурбек Мурпазылжанович-Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри.

 

            2.“2018-жылдын 2-июлунда бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну  (    Кыргыз Республикасы” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору                (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы №459 токтому).

          Баяндамачы:

          Шаршембиев Бакыт Нуржанович - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            3.Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январь-сентябрь айына карата республикалык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө  (алдын-ала).

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

           Чакырылгандар:

           Панкратов Олег Михайлович – Кырыгыз Республикасынын Экономика министри

           Абжапаров Тенизбек Жусупбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

          Онолбеков Алмаз Мадылбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы;

          Тулебердиев Ренат Темирбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун төрагасы;

          Таиров Бакир Дуулатович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын төрагасы.

 

          4.“Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы
           №450- токтому).

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович –Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

            Панкратов Олег Михайлович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

            Кошумча баяндамачы:

           Марипов Улукбек Асамидинович –Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.

 

          Чакырылгандар:

          Аскаров Замирбек Марипбаевич - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри.

          Абжапаров Тенизбек Жусупбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

          Онолбеков Алмаз Мадылбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы;

          Тулебердиев Ренат Темирбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун төрагасы;

           Таиров Бакир Дуулатович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын төрагасы.

           Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

 

          5.Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                                  Э.Токтошев