Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 11 -декабрь2017 –жыл, саат 10-00 1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

07-12-2017
16:35

 

  • Долбоор

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

11 -декабрь2017 –жыл, саат 10-00                               1 –кабат, Батыш залы.

 

  • КҮН    ТАРТИБИ

 

            1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, К.Нурматов, Э.Токтошев, Жунус уулу Алтынбек, З.Жамалдинов, М.Мадеминов жана                        Б.Райымкулов тарабынан демилгеленип киргизилген  ”Сымап камтылган товарларды ташып келүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

            Баяндамачы:

            Бакиров Мирлан Исакбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            2.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, М.Сабиров, А.Эшимов тарабынан демилгеленип киргизилген “Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индексациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Экинчи окууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Тиллаев Таабалды Гапырович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

            3. .”Кыргыз Республикасынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  24- июлундагы №445токтому).

            Баяндамачы:

            Новиков Артем ЭдуардовичКыргыз Республикасынын Экономика министри.

            4.”Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясы ортосундагы “Саламаттык сактоону жыйынтыктардын негизинде каржылоо” пилоттук долбоору боюнча Гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу –катынын долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Батыралиев Талантбек  Абдуллаевич –Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри.

 

            5. Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                             Т.Тиллаев