Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 4 -декабрь 2017 –жыл, саат 10-00 1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

30-11-2017
17:30

 

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

4 -декабрь 2017 –жыл, саат 10-00                                 1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

            1.”Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын салык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы  №689 токтому).

            Баяндамачы:

            Новиков Артем ЭдуардовичКыргыз Республикасынын Экономика министри.

                2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоорлору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Новиков Артем ЭдуардовичКыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

            3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Нидерланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана киреше салыктарын төлөөдөн четтөөнү алдын алуу жөнүндө тиркелген макулдашуу долбоору.Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Новиков Артем ЭдуардовичКыргыз Республикасынын Экономика министри.

            4.Кыргыз Республикасы жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик финансы башкаруу жаатында потенциалды өнүктүрүү” Экинчи долбоор боюнча макулдашуу-каттын долбоору тууралуу. Макулдашууга киргирзилет.

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            5.”Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган “Ачык маалыматтар боюнча иш–аракеттер планы” долбоорун ишке ашырууга карата Грант жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Макулдашуу катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору                        (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы  №753 токтому).

            Баяндамачы:

            Абасканов Нурбек Эсенканович - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            6.«Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын
(Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия” (Digital CASA) сунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы  №752 токтому).

           Баяндамачы:

            Абасканов Нурбек Эсенканович - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            7.Ар кандай маселелер.      

 

             

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                                     Т. Тиллаев