Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 23 -октябрь2017 –жыл, саат 10-0 01 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

19-10-2017
16:47


Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

23 -октябрь2017 –жыл, саат 10-00                                                                           1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН  ТАРТИБИ

 

  1. Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы  №620 токтому).

          Баяндамачы:

          Байгончоков Мирлан Конушбекович – Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары.

         2. “2017 –жылдын 18-октябрында Сант –Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагына келүүчү үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун         бирдиктүү системасы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы  №520  токтому).

            Баяндамачы:

             Мамасадыков Рустам Алайбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.

 

           3. Кыргыз Республикасынын лицензиялык–уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы  №369 токтому).

            Баяндамачы:

            Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

            4. Кыргыз Республикасынын депутаттары Д.Д.Бекешев О.Т.Бабановым М.К. Женчороев,  Н.К.Макеев тарабынан демилгеленип киргизилген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

            Баяндамачы:

               Бекешев Дастан Далабайевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

           

          5.  Ар кандай маселелер.

 

                    Бюджет жана финансы

                    боюнча комитетинин төрагасы                                                                                        Т. Тиллаев