Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”

25-02-2023
14:44

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”

2022-жылдын 26-декабрындагы

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” маселени карап жана талкуулап чыгып, чечти:

1. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Элдик” депутаттык тобунун 2022-жылдын 23-декабрындагы жыйынында кабыл алган №62-чечими, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматтары эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) жер тилкелерине амнистия жөнүндө ченемдик укуктук актылар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, жергиликтүү жамааттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

2) жол жээгинде ашыкча орнотулган үйлөрдүн тосмолорунан, жолдорду, тротуарларды, электр столбаларды, транформацияларды жана башка тийиштүү объекттерди тосуп алгандардан тышкары, жер салыгы менен бюджетти толтуру максатында калктуу конуштар категориясындагы жер тилкелерди (огороддорду) ашыкча колдонгон жерлерди жеке менчикке бекитип берүү үчүн амнистия жөнүндө ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3) жер тилкелерге тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген корутундулар (чечимдер) бар болгон учурда аймактык (шаардык) “Кадастр” мекемеси каттоо өткөзүп, мамлекеттик актыларды берсин.

4) жер тилкелерине амнистия жөнүндө маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аймактык башкармалыктар менен түшүндүрүү иштерди жүргүзсүн жана тийиштүү иш-кагаздардын кароосун тездетсин.

5) “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 8-токтомунун аткарылышынын жүрүшүн карап чыксын.

6) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жетекчилигинин жер, айыл чарба саясатынын жоктугу жана аталган мыйзамдардын толук аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.

7) «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын толук аткарылышын камсыз кылсын жана тийиштүү маалыматтарды алты айда бир жолу комитетке берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 8-токтомуна ылайык жарандарды жашаган жеринен которуу жана тоо-кендерди  изилдөөлөр үчүн берилген жер тилкелердин мыйзамдуулугун карап чыксын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №П82-VII протоколдук тапшырмасы көзөмөлдөн алынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-июнундагы №П132-VII протоколдук тапшырмасы көзөмөлдөн алынсын.

6. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлсүн.

7. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет