Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын өтүшү боюнча маалымат

06-10-2022
17:00

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын өтүшү боюнча маалымат

 

Убактысы:                                      саат 10-00

Өткөрүлүүчү жери:                       Жогорку Кеңештин Чыгыш залы (1-кабат)

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

Эскертме

1.

«Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

экинчи окууга

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (17.05.2022-ж.

чыг. №18-11324/22)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Байдылдаев Мурат Курманбекович

Мыйзам долбоорун кайрадан толуктап иштеп чыгып комитеттин кийинки отурумуна жылдырылды.

2.

«Күндөлүк керектелүүчү тамак-аш азыктарына бааларды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуу менен байланышкан кырдаал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги №4535-VI токтомунун аткарылышы  тууралуу»

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Орозбаев Женалы Байсалович,

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Исабеков Самат Сатарович,

Кыргыз Республикасынын Чек ара көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Жалбиев Нурланбек Касымович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун аткарылышы боюнча маалыматтар угулуп, алымча кошумчалары менен эске алынды.

Аталган токтомдун мөөнөтү 15.12.2022-ж чейин узартылды.

3.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасына талапкерди көрсөтүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги

(26.09.2022-ж. чыг. №6-18866/22), (26.09.2022-ж. чыг. №6-18868/22)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Байдылдаев Мурат Курманбекович

Аталган сунуштамалар кабыл алынды жана  комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин материалдарды кароо боюнча комиссияга жиберилди.

4.

Республика боюнча кен казган ишканалардын калдыктарды сактоочу жайлардын (хвостохранилищалардын) экологиялык абалы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Ж.Кыдыкбаев

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Касейинов Кубат Усенкулович

 

Аталган маселе боюнча баяндамачы даяр эместигин билдирип кийинки отурумга жылдырылды.