Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы жыйналышынын өтүшү боюнча маалымат
Убактысы: саат 10:00
Өткөрүлүүчү жери: Жогорку Кеңештин Чыгыш залы (1-кабат)
№ |
Маселелер |
Демилгечи |
Баяндамачы |
Эскертме |
1. |
«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. биринчи окууга |
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров (13.07.2022-ж. чыг. №18-3093) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Кушбекович Бакетаев |
Мыйзам долбоору 1-окууда концепциясы жактырылды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жөнөтүлдү |
2. |
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» N 309-токтому боюнча республиканын айылдык товар ѳндүрүчүлѳрүнѳн түшкѳн кайрылуулар туралуу» Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечиминин аткарылышы» |
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ѳкүлү |
Аталган комитеттин чечиминин аткарылышы тууралуу эске алынды |
3. |
«Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 16-февралындагы №67-VII токтомунун аткарылышын көзөмөлдөн алуу жөнүндө» |
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков |
Аталган токтомунун аткарылышын мөөнөтү узартылды |
4. |
«Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 12-июнундагы №3108-VI токтомунун аткарылышын көзөмөлдөн алуу тууралуу» |
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков |
Аталган токтомунун аткарылышын көзөмөлдөн алынды |
5. |
«Эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен таза кандуу жана асыл тукум жылкыларды каттоо (эл аралык сертификаттоо) жана эсепке алуу тутумун ишке киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 16-июнундагы №4656-VI токтомунун аткарылышын көзөмөлдөн алуу жөнүндө» |
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков |
Аталган токтомунун аткарылышын мөөнөтү узартылды |
6. |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасына талапкерди көрсөтүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (05.07.2022-ж. чыг. №18-14924/22) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков |
Кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин комиссиясына жөнөтүлдү |