Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы жыйналышынын өтүшү боюнча маалымат
Убактысы: саат 10-00
Өткөрүлүүчү жери: Жогорку Кеңештин Чыгыш залы (1-кабат)
№ |
Маселелер |
Демилгечи |
Баяндамачы |
Эскертме |
1. |
“Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору. биринчи окууга |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Д.Д. (18.05.2022-ж. чыг. №6-9424/22 |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Дастан Далабайевич |
Мыйзам долбоору 1 окууда концепциясы жактырылды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жөнөтүлдү. |
2. |
«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. биринчи окууга |
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров (17.07.2022-ж. чыг. №18-3093/22) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Даникеев Улан Оскенович |
Мыйзам долбоору боюнча баяндамачы даяар эместигине байланыштуу комитеттин кийинки отурумуна жылдырылды. |
3. |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасына талапкерди көрсөтүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (05.07.2022-ж. чыг. №18-14924/22 |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрнин орун басары Сооронова Нурия Рахманбердиевна |
Аталган сунуштама комитеттин кийинки отурумуна жылдырылды. |