Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына талапкерлерди   көрсөтүү тууралуу

30-09-2022
09:16

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына талапкерлерди   көрсөтүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 

2022-жылдын 12-сентябрындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына Токтоназаров Каныбек Жуматаевичти, Чодоев Нургазы Урбаевичти, Алиев Шайырбек Нурмухамедовичти жана Алымкулов Кубатбек Абдыкасымовичти сунуштоо тууралуу Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбековичдин сунуштамасын  карап жана талкуулап чыгып, төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:

            1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына  Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба министрлигине  караштуу Токой кызматынын Токтогул токой чарбасынын директору Токтоназаров Каныбек Жуматаевичтин, Токой кызматынын токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы Чодоев Нургазы Урбаевичтин, Токой кызматынын Балыкчы токой чарбасынын директору Алиев Шайырбек Нурмухамедовичтин жана  Токой кызматынын Фрунзе токой чарбасынын Аламүдүн токойчулугунун башчысы Алымкулов Кубатбек Абдыкасымовичтин талапкерлигин көрсөтүү тууралуу сунуш жактырылсын.

         2.  Комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин материалдарды кароо боюнча комиссияга жиберилсин.