Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-ж. 25-апрель, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КҮН ТАРТИБИ

25-04-2022
00:00

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын

КҮН ТАРТИБИ

 

2022-ж. 25-апрель, с. 10:00

Жогорку Кенештин Күн чыгыш залы (1-этаж)

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы №161-токтому менен жактырылган «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (1-окуу).

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Джаныбеков.

 

2. «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясынын кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу), жүгүртүү жана сатып алуу эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу».

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков.

 

3. «Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик жана Гранттык келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков.

 

4.     «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине берилген бюджеттик ссудалар боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө».

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков; Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Кушбекович Бакетаев.

 

5.      «Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясынын» долбоорунун бет ачары.

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши;

Баяндамачылар: Муканова Нурилла Алиевна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы; Барпиева Дилноз Шукуровна, Абдракманова Айжан Кылычбековна, Камчыбекова Толкун Арсланбековна антикоррупциялык ишкердик кеңешинин катчылыгынын эксперттери.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет