Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата ЧЕЧИМ

31-01-2018
12:19

“Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2018-жылдын 22-январындагы

ЧЕЧИМИ

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук экспертиза жана Экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмдөрүнүн, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин корутундуларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябырындагы № 695-токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасында” тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:

1. Аталган мыйзам долбоордун баяндамачысы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Т.А.Батыралиевдин бул маселени кайрадан толуктап иштеп чыгуу сунушу эске алынып бүгүнкү күн тартибинен алынып салынсын. 

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

мыйзам долбоорун тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте кайрадан иштеп чыксын жана тийиштүү өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кайрадан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

аталган мыйзам долбоорду кароо кайрадан толукталып иштелип чыкканга чейин белгисиз мөөнөткө жылдырылсын.

3. Комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет