Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 23-ноябрындагы П№156-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу»

31-01-2018
12:08

«Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын

23-ноябрындагы П№156-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу» Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин

2018-жылдын 8-январындагы

ЧЕЧИМИ

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты О.М.Артыкбаев тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 23-ноябрындагы П№156-VI протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып, чечти:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) калктуу конуштарда ичүүчү суу менен камсыз кылуучу жана саркынды сууларды тазалоочу объекттерди куруу жана реабилитациялоо боюнча тийиштүү долборлор аткарылып бүткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн муниципалдык ишканалардын балансына тийиштүү объектилер керектүү жабдыктар жана техникасы менен өткөрүп берүү иштерди көзөмөлгө алсын.

2) калктуу конуштарда ичүүчү суу менен камсыз кылуучу жана саркынды сууларды тазалоочу объекттерди куруу жана реабилитациялоо үчүн Кыргыз Республикасына Польша Республикасы тарабынан берилүүчү кредиттен тийиштүү финансы каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

3) Токтогул шаарында саркынды сууларды тазалоочу объектин куруу маселесин карап чыксын.

4) Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын калкынын санынын көптүгүн эске алуу менен Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылана турган долбоордун суммасын 34135335 сомдон жогору көбөйтүү тууралуу маселесин карап чыксын.

5) Токтогул районунун Ничке-Сай айыл аймагына караштуу Ничке-Сай, Чоргочу айылдарын жана Торкен айыл аймагынын Торкен айылын ичүүчү суу менен камсыздоо тууралуу маселесин карап чыксын.

6) Токтогул районунун Торкен айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бул объектини 2018-жылдын республикалык бюджеттин эсебинен курула турган объектилердин тизмесине киргизсин.

7) ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорун ишке ашырууда долбоорлоо-сметалык документациясын иштеп чыгуу мөөнөтүн кыскартуу максатында, тиешелүү иш-чараларды иштеп чыксын.

8) долбоорлоо-сметалык документациясын иштеп чыгуунун жана куруу боюнча юридикалык жактарды тандап алуунун шарттарын жөнөкөйлөштүрүү жана тендерлерди ачык-айкын өткөрүү максатында, тиешелүү иш-чараларды иштеп чыксын.

9) ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, тийиштүү министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын так аныктоо максатында, тиешелүү иш-чараларды иштеп чыксын.

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин реорганизациялоо жүргүзүп, анын ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлүп жана анын курамына  Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаменти киргизилсин.

2.  Аталган маселе ”Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 104-105-беренелерине ылайык 2018-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынынын кароосуна “Өкмөттүк саат” катары чыгарылсын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет