Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашуу боюнча чаралар жөнүндө»

11-01-2018
11:52

«Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин

2017-жылдын 13-ноябрындагы

ЧЕЧИМИ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашуу боюнча чаралар жөнүндө» айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Чодуев Эркинбек Урайымовичтин маалыматын угуп, төмөндөгүнү белгилейт.

Жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 173-б буйрук кабыл алынды. Бул буйрукка ылайык жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аныкталды, оператору болуп «Айыл Банк» аныкталды, муну менен 16 млн. евро өлчөмүндөгү кредиттин бөлүгү жаныбарларды идентификациялоого арналган болчу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруунун алкагында бул кредитти карап чыкты жана жактырды. Бирок жогоруда аталган Мыйзамды аткаруу жөнү жок сооздуктурулду. Комитеттин жыйналыштарында бул польша кредитин прайдаланууну кечеңдетүү жөнүндө маселе бир нече ирет каралган.

Убакыт өткөндөн кийин Польша Республикасынын резидент компаниялары менен жаныбарларга идентификация жүргүзүүгө контракттарды түзүү жөнүндө Макулдашуунун шарттарын аткаруу мүмкүн эмес өңдөнүп, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 16 млн. евро өлчөмүндөгү кредиттин бөлүгүн айыл чарба өндүрүшү үчүн польша өндүрүшчүлөрү тарабынан жогорку технологиялык жабдууларды берүүгө жөнөттү.

Бул шарттар боюнча «Айыл Банк» ААК да кредиттик каражаттарды өздөштүргөн жок, анткени контракттарды түзүү үчүн төлөмдөрдү польша ишкерлери алууга тийиш.

2017-жылдын июлунда «Польша Республикасынын кредитин өздөштүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо» долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн токтом долбоору демилгеленген. Бул токтомдун долбоору башка министрликтер менен макулдашуудан өттү жана бул каражат«Айыл Банк» ААК аркылуу «Таза суу» же «Багбанчылык» долбоорлоруна багытталууга тийиш деген жүөөсү менен Кыргыз Республикасынын экономика министри А.Э.Новиков тарабынан токтотулду.

Польшанын кредити техникалык болуп саналарын белгилөө зарыл, Өкмөттөр ортосундагы Макулдашуунун шарттарына ылайык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр польша ишкерлери болууга тийиш. Польша кредиттеринин каражаттары «Айыл Банк» ААКга 2015-жылы эле бөлүнгөн, бирок бул кредитти өздөштүрүү жүргүзүлгөн эмес, өздөштүрүү мөөнөтү 2018-жылдын февралынын аягында бүтөт.

«Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашуу боюнча чаралар жөнүндө» айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Чодуев Эркинбек Урайымовичтин маалыматын угуп, Комитет төмөнкүдөй чечимге келди:

1. «Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашуу боюнча чаралар жөнүндө» айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Чодуев Эркинбек Урайымовичтин маалыматы эскен алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өмөтүнө:

- польша кредитин өздөштүрүү мөөнөтүн беш жылга узартсын, кредиттерди берүү шартын карасын, бөлүнүүчү кредиттин көлөмүн бир млн. евродон 100 миң еврого чейин төмөндөтсүн;

- 40 млн. евро суммадагы Польша Республикасынын техникалык кредиттер боюнча каражатын Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагындагы ишкер субъекттерин каржылоого багыттасын;

- «Польша Республикасынын кредитин өздөштүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо» долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн токтом долбоорун жактырсын жана кабыл алсын;

- 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу үчүн координациялоочу жана жооптуу орган кылып Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин аныктасын;

- «Польша Республикасынын кредитин өздөштүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн токтом долбоорун кыска мөөнөттө даярдоону жана киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине тапшырсын, ал эми «Таза суу» же «Багбанчылык» долбоорлору үчүн каржылоонун башка булактарын издесин;

- Польша Республикасынын техникалык кредитин натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кредиттер боюнча ставканы 4 пайызга чейин төмөндөтүү менен банктык мекемелерсиз Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу бул кредитти ишке ашыруу жөнүндө чечим алышсын;

- айыл чарба шаймандарын сатып алуунун реестрин, шаймандарды сатып алууга катышкан ишкерлердин тизмесин түзүү жана контракттарды түзүү үчүн Польша Республикасына алардын барышын же Кыргызстанга келишин уюштурууну Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине тапшырсын;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине польша кредиттерин алган субъекттердин карыздарын тындыруунун эсебине келип түшкөн каражаттардын топтолуу механизмдерин иштеп чыксын жана ишке киргизсин. Бул эсепке топтолгон каражатты ишкер субъекттерди мындан ары каржылоо үчүн жана болуучу төлөмдөрдү жоюуга багыттасын;

3. Бул чечимди аткаруунун натыйжалары жөнүндө Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетине 2018-жылдын мартына чейин маалымдалсын.

4.Ушул чечимдин аткарышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитет