Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«ЕврАзЭБ алкактарында Республиканынын калкынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн глобалдаштыруу, илимий-техникалык натыйжаларды пайдалануунун шарттарында Кыргыз Республикасынын АӨК жогорку кесипкөй жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө»

11-01-2018
11:49

«ЕврАзЭБ алкактарында Республиканынын калкынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн глобалдаштыруу, илимий-техникалык натыйжаларды пайдалануунун шарттарында Кыргыз Республикасынын АӨК жогорку кесипкөй жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин

 2017-жылдын 13-ноябрындагы

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору - Р. З..Нургазиевдин маалыматын угуп,

жана талкуулап, төмөндөгүдөй чечимге келди:

 

1. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Р. Нургазиевдин маалыматы эске алынсын;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

             --ветеринардык, фитосанитардык лабораторияларды жабдуулар менен ѳз убагында камсыздоо максатында Казакстан Республикасынын 100 млн. АКШ доллары суммасындагы денонсацияланган кредиттин ордун толтуруу үчүн шашылыш тартипте инвестиция табуу;

- ветеринардык факультеттин клиникалык базасын реконструкциялоодо, оңдоодо жана заманбап приборлор, жабдуулар менен жабдууда көмөк көрсөтүү;

- ар жылы 50 студенттен бюджеттик негизинде кабыл алуу менен республиканын карантиндик жана фитосанитардык кызматы үчүн беш жылда 250 адисти  максаттуу даярдоого жардам берүү;

- өсүмдүктөрдүн карантини жана фитосанитардык текшерүү маселелери боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарын, тар профильдеги стажировкаларды, семинарларды өткөрүү максатында 5 штаттык бирдикти (жетекчи, методист жана үч жетектөөчү адис) бекитүү менен илимий-методикалык борборду түзүү;

-«Мал чарбасын жана рынокту ѳнүктүрүү – 1,2» долбоорунун кредитин натыйжалуу пайдалануу максатында 100 миң АКШ доллары суммасындагы үнѳмдѳлгѳн финансылык каражаттарды университеттин лабораториясы үчүн химиялык реактивдерди сатып алууга жиберүү мүмкүнчүлүгүн кароо;

-ЕАЭБ жана ЕБ өлкөлөрүндө продукцияларды реализациялоо үчүн  эл аралык үлгүдөгү сапат сертификатын берүү менен карантиндик объектилерди аныктоо жана идентификациялоо  жана  айыл чарба өсүмдүктөрүн фитосанитардык контролдоо боюнча экспертиза өткөрүүгө келечекте адистерди окутуу үчүн К.И. Скрябин атындагы  КУАУ алдында адистештирилген фитосанитардык лабораторияны сатып алууга жана түзүүгө көмөк көрсөтүү;

- Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча республикада ИИИ түзүүгө көмөк көрсөтүү;

- республиканын айыл чарба тармагынын, анын ичинде мамлекеттик асыл тукум мал заводдорунун субъекттеринин мамлекеттик заемдук каражаттары боюнча карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү жана 2018-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.

            3. Айыл чарба жаныбарларынын ата мекендик тукумунун генафондун оптималдаштыруу жана сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги төмөнкү бардык зарыл чараларды көрсүн:

- мамлекеттик асыл тукум заводдорунун мамлекеттик зайымдык каражаттары боюнча карыздарын эсептен чыгаруу (кайра түзүмдөштүрүү) мүмкүндүгүн карасын;

- бардык мамлекеттик асыл тукум заводдорун мамлекеттик ишканалардын категориясынан мамлекеттик мекемелер категориясына которсун жана аларды толугу менен өзүн-өзү каржылоого калтырсын.

- «Нарын» МАЖЗ менен «Тяньшаньский  МАЗ» бириктирип мамлекеттик ишкана бирикмесин кайрадан уюштурулсун жана алардын базасында  тяньшань жарым уяң жүндүү асыл тукум койлорун жана жаңы кыргыз  асыл тукум жылкыларын өстүрүү боюнча «Нарын тажрыйба–эксперименталдык станциясы» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

4. Бул  чечимди аткаруунун натыйжалары жөнүндө 2017-жылдын мартына чейин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттине маалымдасын.

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттине жүктөлсүн.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык онуктуруу боюнча комитет