Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык онуктуруу боюнча комитетинин жыйынынын кун тартиби, 2016-жыл,30-май

12-06-2016
14:36

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын 
КҮН ТАРТИБИ

2016-ж. 30-май Жогорку Кеңештин 
с.10:00 Күн чыгыш залы 
(1-этаж)

1. «Экологиялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1-окууда).
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Сабиров, Ж.Турускулов, А.Жамангулов, М.Бакиров, У. Чолпонбаев.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Максат Эсенович Сабиров.
2. «2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен курулган жеке турак - үйлөрү бар болгон жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (1-окууда).
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Текебаев, А.Мамашова, Н.Никитиенко, Б.Сулейманов, С. Нышанов, А.Шыкмаматов, А.Салянова, К.Иманалиев, С.Шер-Нияз жана Э.Токтошев.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Чиркешович Текебаев.
3. «Үрөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (2-окууда).
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 9-мартындагы №114 токтом).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевич Бекбоев.
4. «2015-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында уяң жүндүү өндүрүү жана кайра иштетип чыгуу боюнча Улуттук программасын кабыл алуунун зарылдыгы жөнүндө» кой чарбасынын, кайра иштетүү өнөр жайынын жана илимдин ардагерлер тобунун жетекчиси Молдобек Ирсалиевдин кайрылуусу тууралуу». 
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети.
Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Калканович Керималиев, кой чарбасынын ардагерлер тобунун жетекчиси, айыл чарба илимдеринин кандидаты – Молдобек Ирсалиев, кайра иштетүү өнөр жайынын эмгек сиңирген ишмери – Ж.А.Тентиев.
5. «Кыргыз Республикасында 2016-жылдын жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 11-февралындагы № 264-VI-токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө».
Демилгечи: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевич Бекбоев.
6. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2016-жылдын 14-январындагы П № 13-VI-протоколдук тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө».
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Кенжебек Сатымкулович Бокоев.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Калканович Керималиев.
7. «Кыргыз Республикасынын суу объекттерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулуштарын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшүн иликтөө үчүн жумушчу тобун түзүү тууралуу».
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Кенжебек Сатымкулович Бокоев.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Кенжебек Сатымкулович Бокоев.

8. «Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча» грант бөлүп берүү максатындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык Макулдашуунун долбоору тууралуу».

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Э.Чодуев.

 

Агрардык саясат, суу ресурстары, 
экология жана регионалдык өнүктүрүү
боюнча комитет