Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык онуктуруу боюнча комитетинин жыйынынын кун тартиби, 2016-жыл,6-июнь

12-06-2016
14:33

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын 
КҮН ТАРТИБИ

2016-ж. 6-июнь Жогорку Кеңештин 

с.10:00 Күн чыгыш залы 
(1-этаж)

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун V-чакырылыштагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети 2015-жылдын 25-майында 3-окууда карап жактырган корутундусу күчүндө деп эсептөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаевдин кайрылуусу тууралуу.
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович.

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун V-чакырылыштагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети 2014-жылдын 8-декабрында 2-окууда карап жактырган корутундусу күчүндө деп эсептөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаевдин кайрылуусу тууралуу.
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатты Текебаев Өмүрбек Чиркешович.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатты Текебаев Өмүрбек Чиркешович.

3. “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” (2016 – жылдын 17-майындагы № 6-12570/16) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (биринчи окуу).
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, А. Акматов, С. Нышанов.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исакбекович.

4. «Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 23-майындагы № 258 токтому)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Рустамов Абдыкалык Алибекович

5. «Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгаруу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 19-майындагы №268-токтому).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Алибекович Рустамов.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине караштуу Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын жаратылышты пайдалануу, токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн адиси Н.С. Абыкеевди жана Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин токой ресурстарын туруктуу башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси А.А.Эрматовду «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына сунуштоо жөнүндө»
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Рустамов Абдыкалык Алибекович

7. «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин сугат айдоо жер участокторуна курулган жеке турак жайлардын санын тактоо тууралуу” 
Демилгечи: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исакбекович.


Агрардык саясат, суу ресурстары, 
экология жана регионалдык өнүктүрүү 
боюнча комитет