Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин отурумунун күн тартиби, 2016-жыл, 14-июну

12-06-2016
14:18

Убактысы жана орду: 2016-жылдын 14-июну, саат 10:00, 7 кабат, Чоң Сүйрү зал

1. «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору экинчи окууга (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы №18 токтому менен жактырылган)
Демилгечи: КР Өкмөтү

Баяндамачы: КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Темиралиев Талайбек Асанбекович

 

2. «Гродно шаарында 2014-жылдын 8-сентябрында кол коюлган «Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар» товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору экинчи окууга (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы №48 токтому менен жактырылган)   
Демилгечи: КР Өкмөтү
Баяндамачы: КР Экономика министри Кожошев Арзыбек Орозбекович

3. «2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай айылында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында биргелешкен ыкчам-тергөө топторду түзүүнүн тартиби жана алардын иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы №260 токтому менен жактырылган)   
Демилгечи: КР Өкмөтү
Баяндамачы: КР Ички иштер министри Джунушалиев Кашкар Астаканович

4. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоору (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы №250 токтому менен жактырылган)   
Демилгечи: КР Өкмөтү
Баяндамачы: КР Ички иштер министри Джунушалиев Кашкар Астаканович

5. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоору
Демилгечилер: КР ЖК депутаттары: А.Баатырбеков, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Д.Толонов, И.Матраимов, Н. Никитенко
Баяндамачылар: КР ЖКнин депутаттары А.Баатырбеков, А.Нурбаев
КР Тышкы иштер министри Абдылдаев Эрлан Бекешович

6. «Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фондун аткаруучу агентиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы №268 токтому менен жактырылган)   
Демилгечи: КР Өкмөтү
Баяндамачы: КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Рустамов Абдыкалык Алибекович

7. «Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-майындагы №244 токтому менен жактырылган)    
Демилгечи: КР Өкмөтү
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министри Айдаров Замирбек Казакбаевич

8. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 3-июнунда кол коюлган сот системасын өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-июнундагы №308 токтому менен жактырылган)   
Демилгечи: КР Өкмөтү
Баяндамачылар: КР финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович
КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору

9. Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү Фондусунун ортосундагы «Бишкек шаарынын тез жардам  мамлекеттик балдар ооруканасын кеңейтүү жана реконструкциялоо жөнүндө» Насыялык макулдашуунун долбоору
Демилгечи: КР Саламаттык сактоо министирлиги
Баяндамачы: КР Саламаттык сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич

10. «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча» долбоорун даярдоого грант бөлүп берүү максатындагы Гранттык Макулдашуунун долбоору
Демилгечи: КР айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Баяндамачы: КР айыл чарба жана мелиорация министри Бекбоев Турдуназир

11. 2013-жылдын 29-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында асыл тукум-чарбаларды колдоо чаралары жөнүндө» №582 токтомунун аткарылышуу тууралуу маалыматты угуу 
Демилгечи: КР ЖКнин депутаты: Сулейманов Б. И.
Баяндамачы: КР айыл чарба жана мелиорация министри Бекбоев Турдуназир

12. «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-февралындагы №58 токтому менен жактырылган)   
Демилгечи: КР Өкмөтү
Баяндамачы: КР Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары

13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Демилгечи: КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитети
Баяндамачы: КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасы Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович

14. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым Токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Токтомунун долбоору
Демилгечи: КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитети
Баяндамачы: КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетинин төрагасы Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович

15. Ар кандай маселелер


Эл аралык иштер, 
коргоо жана коопсуздук боюнча
Комитеттин Төрагасы                                                                              А. Баатырбеков