Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы Улан Примов Дагестан Республикасынын Элдик Жыйынынын төрагасы Заур Аскендеров менен жолугушту

24-10-2023
14:18

Бүгүн, 24-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Дагестан Республикасынын Элдик Жыйынынын төрагасы Заур Аскендеров баштаган парламенттик делегация менен жолугушту. Жыйынга депутаттар Винера Раимбачаева, Бахридин Шабазов жана Равшанбек Рысбаев да катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кыргызстан кыргыз-орус өнөктөштүгүнүн стратегиялык мүнөзүн жогору баалай турганын жана Россия Федерациясы менен ар тараптуу, анын ичинде аймактык деңгээлде байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө умтуларын баса белгиледи. «Аймактык форматта парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстандын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Бул эки тараптуу кызматташтыкты активдештирип, экономикалык потенциалды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», - деп белгилеген Улан Примов соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. 

Улан Примов белгилегендей, Кыргызстан көп улуттуу өлкө, анда ар бир адам өлкөнүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда. «Кыргызстандын жана Дагестандын эли кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду жана дагестандык акын Расул Гамзатовду абдан сыйлашат. Быйыл биз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын жана Расул Гамзатовдун 100 жылдыгын белгилейбиз», - деп айтып, алардын эмгектери Кыргызстан жана Дагестан элдеринин мурасы экенин белгиледи.

Дагестан Республикасынын парламентинин төрагасы Заур Аскендеров алардын Кыргызстанга болгон сапары Дагестандын эл акыны Расул Гамзатовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу болгонун эске салды. Ал ошондой эле, парламенттер аралык байланыш өлкөлөр ортосундагы мамилени чыңдап жатканын белгиледи. «Биз Россия Федерациясынын субъекти катары Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарбыз», - деп баса белгиледи ал.

Заур Аскендеров алардын делегациясы Кыргызстандагы Дагестан диаспорасы менен да жолугушканын билдирди. «Дагестан диаспорасынын өкүлдөрү Кыргызстан алардын ата мекени экенин баса белгилешти. Бул маанилүү билдирүү жана Кыргызстанда бардык этностордун эркин өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлгөнүн көрсөтүп турат», - деп белгиледи. Ошондой эле, ал Кыргызстанда 15 миң этникалык дагестандык жашай турганын кошумчалады.

Тараптар ошондой эле парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсүн, билим берүү, маданият, спорт жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.