Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2023 – жылдын 3 – октябрындагы жыйналышынын күн тартиби

28-09-2023
12:16

Убактысы: 14:00

Орду: КРнын Жогорку Кеӊеши, Чоң Сүйрү залы (7 кабат)

Аталышы

Демилгечи

Баяндамачы

1.

      «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

биринчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы
(2023-жылдын

10-июлундагы кир.№ 6-10207/23)

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

2.

       «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

биринчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы
(2023-жылдын

11-июлундагы кир.№ 6-10252/23)

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

3.

     «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

биринчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы
(2023-жылдын

10-июлундагы кир.№ 6-10206/23)

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

4.

       «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

биринчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы

(2023-жылдын

9-августундагы кир. № 6-10667/23)

КР өзгөчө кырдаалдар министрлиги

5.

       «2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

биринчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы

 (2023-жылдын

10-июлундагы

 кир. № 6-10205/23)

 

КР өзгөчө кырдаалдар министрлиги

6.

        Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Борбордук Азия жана Азия үчүн Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Регионалдык гуманитардык кеңсесин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору

макулдашууга

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (2023-жылдын

13-сентябрындагы кир. № 6-9470/23)

КР өзгөчө кырдаалдар министрлиги

7.

     2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору

макулдашууга

КР Экономика жана коммерция министрлиги

(2023-жылдын 18-сентябрындагы кир.№ 6-9616)

КР Экономика жана коммерция министрлиги

8.

       «2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсун камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 4537-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматын угуу

КР ЖК Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети

 

КР Экономика жана коммерция министрлиги

9.

Ар кандай:

 

 

 

Эл аралык иштер,

коргоо, коопсуздук жана миграция

боюнча комитеттин Төрагасы                                                     Примов У.