Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет 2022-жылга жана 2023-жылдын биринчи жарымына карата Кыргызсандын Венгриядагы элчилигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту

25-09-2023
16:36

Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигинин 2022-жылга жана 2023-жылдын биринчи жарымына карата аткарган иштери тууралуу маалыматы угулду.

Жыйында баяндама жасаган КР Венгриядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Талантбек Кушчубеков кыргыз-венгер кызматташтыгынын негизги багыттарына токтолду.

Анын айтымында, 2021-жылдын 4-октябрында Венгриянын Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын элчилигинин расмий ачылышы болуп өттү. «Элчилик Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин алдыга жылдырууда. Отчеттук мезгил ичинде дипломатиялык өкүлчүлүк КР Президенти С.Жапаровдун Венгрияга эки иш сапарын ийгиликтүү уюштурду», - деди баяндамачы.

Талкуу маалында депутат Нуржигит Кадырбеков соода-экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылып, Кыргызстандан Венгрияга экспорт эмненин эсебинен 1,6 млн АКШ долларын түзгөнүнө кызыкты. «2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргыз Республикасынан Венгрияга экспорт 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 эсеге өстү. Алсак, көмүр, уюлдук телефондор, мунай (авиакеросин), эт азыктары экспорттолду», - деп белгиледи дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы.

Ал эми эл өкүлү Лейла Лурова Венгрия менен аба каттамдарын ачуу маселесин көтөрдү. Депутат Чингиз Айдарбеков парламенттер аралык алакалардын оң динамикасын белгилеп, венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп: «Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунда биргелешкен долбоорлорду каржылоо үчүн 16 млн доллар болүнгөн. Бул сумманы тез арада 50 миллионго жеткирүү керек», - деди депутат.

Өз кезегинде депутат Миргүл Темирбаева ар тараптуу байланыштарды тереңдетүү зарылдыгын белгилеп, визалык колдоо алууну жөнөкөйлөтүү маселесине көңүл бурду. Депутат Ырысбек Атажанов туризм тармагын өнүктүрүү маселесин ортого салды. Жыйынтыгында маалымат эске алынды