Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитеттин төрагасы Улан Примов Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан менен баарлашты

29-05-2023
14:35

Бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан менен видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Онлайн баарлашууга кыргыз тараптан Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Лейла Лурова, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дүйшекеев, казак тараптан Мажилистин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөлөрү Даулет Турлыханов жана Ерболат Саурыков, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев катышты.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашып, ошондой эле парламенттер аралык диалогду бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашты.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде экенин белгиледи.

"Кыргызстан үчүн тышкы саясаттын биринчи кезектеги милдети боордош Казакстан менен ишенимдүү жана ынак коңшулук мамилелерди арттыруу болуп саналат", - деген депутат алакаларды өнүктүрүү жаатындагы жасалып жаткан иштерге токтолду.

Муну менен катар соода-экономикалык кызматташуу тууралуу сөз кылган Улан Примов өз ара сооданын өсүү тенденциясын канааттануу менен белгиледи. Алсак, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүч 7,5%га көбөйүп 1,1 млрд АКШ долларынан ашкан.

Ошондой эле комитет төрагасы парламенттер аралык алака тууралуу да айтып жатып, бул жааттагы байланыштар жогорку деңгээлде экенин кошумчалады.

"Парламенттик дипломатия – кыргыз-казак мамилелерин чыңдоонун таасирдүү механизми бойдон калууда. КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчалардагы жолугушуулардан тышкары, парламент башчыларынын деңгээлинде да өз ара иш сапарлар уюштурулууда. Мындан сырткары, тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйындарын өткөрүү механизми да жолго коюлду", - деп билдирди Улан Примов.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан Кыргызстан Казакстан үчүн региондогу негизги саясий жана экономикалык өнөктөш экенин баса белгиледи.

Муну менен катар "Жогорку деңгээлде ишенимдүү саясий диалог орнотулду", – деген Айгүл Куспан соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады. Ал индустриалдык соода-логистикалык комплекстерди түзүү боюнча жетишилген макулдашууларга көңүл бурду.

Ал эми Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасынын орун басары Лейла Лурова маданий-гуманитардык, транспорттук-логистикалык жана инвестициялык багыттарда өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин көтөрүп: "Анын ичинен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы фитосанитардык чектөөлөрдү жана ветеринардык көзөмөлдү алып салууга байланыштуу бир катар көйгөйлүү маселелер чечилди", - деди депутат.

Жолугушуунун соңунда тараптар парламенттер аралык активдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.