Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2023 – жылдын 22 – майындагы жыйналышынын күн тартиби

11-05-2023
14:55

Убактысы: 14:00

Орду: КРнын Жогорку Кеӊеши, Чыгыш залы (1 кабат)

Аталышы

Демилгечи

Баяндамачы

1.

             «2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишимди ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

экинчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

(2023-жылдын

23-январындагы

кир.№6-886/23)

КР Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиги

 

2.

         «2022-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 

экинчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 (2023-жылдын

4-апрелиндеги

кир.№6-4788/23)

 

КР Саламаттык сактоо министрлиги

 

3.

         «2023-жылдын 31-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Кыргыз Республикасында “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорун (KEMS) колдоо үчүн бирдиктүү донордун траст фондунун каражаттарынын администратору катары чыгуучу) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

экинчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 (2023-жылдын

31-мартындагы

кир.№6-4634/23)

 

КР Энергетика министрлиги

4.

             «2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

экинчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 (2023-жылдын

6-апрелиндеги

кир.№6-4956/23)

 

КР Энергетика министрлиги

5.

     «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

экинчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы  

 (2023-жылдын

7-мартындагы кир.№ 6-3516/23)

 

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

 

6.

       «2022-жылдын 1-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоор) жана 2022-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Инвестициялык грант берүү жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

биринчи окууга

 

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 (2023-жылдын

29-мартындагы

кир.№6-4549/23)

 

 

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

7.

       «2022-жылдын 16-сентябрында Самарканд шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

биринчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 (2023-жылдын

6-апрелиндеги

кир.№ 6-4953/23)

КР Тышкы иштер министрлиги

8.

             «2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Жеке маалыматтар менен алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

биринчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 (2023-жылдын

31-мартындагы кир.№6-4614/23)

КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директоруну

 

9.

       «Корупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

биринчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

(2022-жылдын

06-октябрындагы

кир.№6-19984/22)

КР экономика жана коммерция министрлиги

10.

             Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети  менен Түркия Республикасынын Ѳкмѳтүнүн ортосунда коопсуздук жаатында кызматташуу жѳнүндѳ маакудашуунун долбоору

макулдашууга

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

(2023-жылдын 

27-февралындагы

кир.№ 6-2979/23)

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

 

11.

          «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору

 

Эл аралык иштер,

коргоо, коопсуздук жана миграция

боюнча комитеттин Төрагасы 

12.

Ар кандай:

 

 

 

Эл аралык иштер,

коргоо, коопсуздук жана миграция

боюнча комитеттин Төрагасы                                                     Примов У.