Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2023 – жылдын 6 –февралындагы жыйналышынын күн тартиби

02-02-2023
16:44

Күнү: 2023-ж. 6-февралы

Убактысы: 14:00

Орду: КРнын Жогорку Кеӊеши, Чыгыш залы (1 кабат)

Аталышы

Демилгечи

Баяндамачы

  1.  

     «2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору  

 

үчүнчү окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 16- ноябрындагы кир. №6-22855/22)

 

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

2.

     «2022-жылдын 10-июнунда Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

үчүнчү окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 18- ноябрындагы  кир.№6-23120/22)

КР Саламаттык сактоо министрлиги

 

3.

         «2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

 

 

экинчи окууга

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 9- декабрындагы

кир. №6-24611/22)

 

КР Энергетика министрлиги

 

4.

      «2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

 

биринчи окууга

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2023-жылдын 16- январындагы кир. № 6-369/23)

 

КР Экономика жана коммерция министрлиги

5.

       «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

биринчи окууга

КР ЖК депутаты У.Примов (2022-жылдын 03- ноябрындагы кир. № 6-22102/22)

 

КР ЖК депутаты  

Примов Улан Бердибаевич

6.

        Аба каттамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору

 

макулдашууга

КР Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (2023-жылдын 24-январындагы кир.№ 6-727/23)

КР Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги

 

7.

        Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр–Талас–Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,5 км» долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр–Талас–Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,5км» долбоору боюнча техникалык гранттык келишимдин долбоору

макулдашууга

КР Транспорт жана коммуникация министрлиги (2023-жылдын 27-январындагы кир.№ 6-1054/23)

КР Транспорт жана коммуникация министрлиги

 

8.

    «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу» долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан (EDCF) берилүүчү насыя боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун долбоору жана  «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу» боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы  Насыялык макулдашуунун долбоору

макулдашууга

КР Саламаттык сактоо министрлиги (2023-жылдын 23-январындагы кир.№ 6-602/23)

КР Саламаттык сактоо министрлиги

 

9.

Ар кандай:

 

 

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин Төрагасы  

Примов Улан Бердибаевич

 

Эл аралык иштер,

коргоо, коопсуздук жана миграция

боюнча комитеттин Төрагасы                                                     Примов У.