Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды

20-12-2022
14:18

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Жолугушууга Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ырысбек Атажанов да катышты.

Комитет төрагасы Улан Примов орток тарыхый жана маданий байланыштар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын негизи экенин белгилеп, мамлекеттик жана парламенттер аралык алакалар жогорку деңгээлде экенин кошумчалады.

Муну менен катар 2022-жылы ТүркПАнын Кеңеши жана XI пленардык жыйыны Чолпон-Ата шаарында өткөнүн, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Түркиядагы алгачкы расмий иш сапары ийгиликтүү болгонун  эске салды.

Мындан тышкары, экономикалык кызматташуу маселелерине токтолгон Улан Примов Түркия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Анын ичинен соода-экономикалык, инвестициялык тармактарда, атап айтканда, тоо-кен, айыл чарба, энергетика жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду. Сөзүнүн аягында комитет төрагасы Кыргызстан Түркия менен ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө артыкчылык берерин билдирди.

Өз кезегинде элчи Ахмет Садык Доган өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, динамикалуу өнүгүп жаткан парламенттер аралык мамилелер тууралуу сөз кылды. Муну менен катар кыргыз-түрк мамилелери мындан ары да жигердүү өнүгүп, кеңейе берерине ишенерин кошумчалады.

Мындан тышкары, тараптар парламенттер аралык диалогду активдештирүү, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык тармактарда кызматташууну тереңдетүү боюнча пикир алышты.