Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту

13-12-2022
16:53

Бүгүн, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы Улан Примов акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн бардык деңгээлдеги түз жана үзгүлтүксүз диалогдун аркасында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча олуттуу оң тенденция байкалганын баса белгиледи.

“Достук, жакын коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелери мындан ары да аймактагы гүлдөп-өнүгүүнү жана туруктуулукту камсыз кылууга кызмат кылат”, - деди Улан Примов.

Ошондой эле достукту жана өз ара алаканы арттыруу үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага жакын жайгашкан айылдарында биргелешкен маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү зарыл экендигине токтолду.

Муну менен катар экономикалык кызматташуу боюнча сөз кылган Улан Примов Кыргызстан менен Өзбекстандын аталган багыттагы кызматташтыкты илгерилетүү жана кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр чоң экенин кошумчалады.

“Айрыкча тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун кызматташуусун активдештирүү, биргелешкен бизнес форумдарды өткөрүү маанилүү. Анын ичинен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки өлкөнүн парламенттери да маанилүү роль ойнойт. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы алакалардын алкагында парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесин кароо зарыл”, - деди комитет төрагасы.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Хуршид Мирзахидов Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечеги тууралуу учкай кеп кылды. Мындан сырткары, соода-экономикалык мамилелерде оң тенденция бар экенин билдирип, Кыргызстандан Өзбекстанга товар экспорттоо көлөмү көбөйгөнүн эске салды.

Жолугушуунун соңунда ал Өзбекстан парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи.