Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту

13-12-2022
15:52

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту

Бүгүн, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын, парламенттер аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Комитет төрагасы Улан Примов 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Венгрия Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар эки өлкө ортосунда жылуу жана достук мамилелер түзүлгөндүгүн белгилеп: “Кызматташтык алкагында Кыргызстан менен Венгриянын элчиликтери ачылып, Стратегиялык кеңеш жана Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлдү. Анын ичинен экономикалык кызматташуу Кыргыз-Венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында жигердүү жүргүзүлүп келет. Анткени, бул жаатта мүмкүнчүлүктөр өтө чоң” – деди Улан Примов.

Ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын соода алакаларынын потенциалы толук пайдаланылбай жатканын белгилеген тармактык комитеттин төрагасы: “Экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, Кыргыз-Венгер Ишкерлер кеңешинин жана Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында жигердүү кызматташуу зарыл. Мындан тышкары, экономикалык алакаларды кеңейтүү үчүн Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маанилүү. Кыргыз тарап Венгриянын авиакомпанияларына иштөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр”, - деп кошумчалады.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги Венгрия тарап бардык багыттагы байланыштарга даяр экендигин белгилеп, энергетика, айыл чарба жана билим берүү тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди. Муну менен катар Венгриянын парламентинде Кыргызстан менен кызматташуу боюнча достук тобу түзүлгөнүн маалымдады.

Андан тышкары, Шандор Дороги 2022-жылдын май айынан баштап Кыргыз Республикасынын жарандары Венгрияга жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор менен жумушчу визасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенине токтолду. Тагыраагы, талапкерлер Венгрия өкмөтү менен расмий өнөктөштүк статусуна ээ болгон рекрутингдик компаниялар аркылуу жумушка жана визага кайрыла алышарын кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы бардык белгиленген багыттар боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын билдиришти.