Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Ырысбек Атажанов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды

07-12-2022
17:56

Бүгүн, 7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды.

Аталган кызмат ордуна "Мекенчил" депутаттык тобунан депутат Ырысбек Атажановдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында сунушталган талапкер Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.