Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Өзгөчө макамга ээ чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө багытталган программа талкууланды

15-11-2022
18:41

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттар “2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек арага чектеш  аймактарынын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсун камсыз кылуу боюнча  Мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги  № 4537-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын укту.

Аталган маселе боюнча маалымат берген экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, белгиленген программа мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууга, чек араны бекемдөөгө, чек арага жакын аймактардын көйгөйлөрүн чечүүгө, калктын жашоо шартын жакшыртууга зарыл болгон шарттарды түзүүгө багытталган. Тагыраагы, программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан. 2021-жылга 100 миллион сом каралып, анын 88,5 миллион сому бөлүнгөн.  Ал эми 2022-жылга 150 миллион сом, 2023-жылга 200 миллион сом, 2024-жана 2025-жылга 250 миллион сом каралган.

Талкуу маалында депутаттар программа декларативдүү экенин, көптөгөн айылдар чек ара аймактарынын тизмесине кирбей калганын белгилешти. Чоро Сейитовдун айтымында, учурда өзгөчө макамга ээ болгон чек ара аймактарынын тизмесине 81 айыл жана 9 участок киргизилген.

Депутат Шайлообек Атазов Баткен облусундагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүнө кызыкты. Белгиленгендей, турак жайларды курууга 1 млрд сом бөлүнгөн, бүгүнкү күндө 409 объектиде курулуш иштери жүрүп, 150 үйдүн пайдубалы бүткөрүлүп, 55 объектинин пайдубалы, 21 үйдүн дубалы тургузулуп жатат. Талкуунун жыйынтыгы менен бул маселени кайрадан комитет жыйынында кароо чечими кабыл алынды.