Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Комитет төрагасы Чингиз Айдарбеков Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушту

03-10-2022
14:35

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Султанбай Айжигитов, Нилуфар Алимжанова, Шайлообек Атазов, Миргүл Темирбаева, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хассан Накви катышты.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде 2024-жылдан 2028-жылга чейинки Өнөктөштүк алкагындагы долбоорду талкуулашты.

Комитет төрагасы Чингиз Айдарбеков өнүгүүгө керектүү негизги багыттар боюнча кызматташкан стратегиялык өнөктөш катары Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы алакага жогору баасын берип: “Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан бери 2 миллиард АКШ долларынан ашык суммада каржылык жардам алды”, - деди. Муну менен катар экономиканын түрдүү тармактарына көрсөтүлүп жаткан ар тараптуу жардамдар үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болуп өткөн кайгылуу окуяларга бурган Чингиз Айдарбеков: “Тажикстан Республикасы тарабынан эки жана көп тараптуу келишимдерге каршы, алдын ала пландалган куралдуу баскынчылык актысы жасалып, анын натыйжасында Кыргызстандын жарандары курман болду. Ошону менен бирге биз эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен сүйлөшүү үстөлүндө чечүү боюнча өзгөрүлбөс позициябызды дагы бир жолу ырастайбыз”, - деди.

Өз кезегинде Анна Бьерде Баткен облусундагы түзүлгөн кырдаалга өкүнүчүн билдирип, чек ара маселелерин тынчтык жолу менен гана чечүү зарылчылыгын белгиледи. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында 50 миллион АКШ долларын бөлөрүн кошумчалады. Муну менен катар 2024-2028-жылдарга каралган жаңы программа, өнүгүүнүн бардык негизги багыттарын жана экономиканын туруктуу өсүшүнө багытталган артыкчылыктуу тармактарды камтыганын маалымдады.

Ал эми депутат Султанбай Айжигитов энергетика тармагындагы кызматташуу жана өлкөдөгү жакырчылыкты кыскартууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолсо, депутат Миргүл Темирбаева аймактардагы аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга басым жасады. Андан сырткары, депутат Шайлообек Атазов Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы-20 долбоорлорунун аймактарда ишке ашырылышын көтөрсө, депутат Нилуфар Алимжанова аялдарды жана балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо, жакырчылыкты жоюу жана жаштарды колдоо зарылчылыгын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы аймактык жана республикалык долбоорлор боюнча кызматташууну активдештирүү керектигин белгилешти.