Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды

26-09-2022
20:02

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралып, колдоо тапты.  

Тагыраагы, “Экспорттук контроль жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева мыйзам долбоору массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдерди ишке ашыруу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Тагыраагы, мыйзам долбоору курал-жарактын, аскердик техниканын, аскердик продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде аскердик продукциянын экспортун, импортун жана транзитинин кыймылын мамлекеттик жөнгө салууга багытталган.

Мындан тышкары, баяндамачы “2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында кол коюлган  2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө  келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда тааныштырды.

Тагыраагы, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимине өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдо 139 оңдоо камтылган.