Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселесин талкуулады

19-09-2022
17:47

Бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жөнүндө мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Аталган маселе боюнча баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев белгилегендей, Россия Федерациясында 1 млн 55 миң, Казакстанда 35 миң, Түштүк Кореяда 6,4 миң жана башка өлкөлөрдө 40 миңдей кыргызстандык бар. Муну менен катар баяндамачы миграциялык маселелерди ыкчам чечүү жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү максатында Россия Федерациясынын Москва шаарында министрликтин өкүлчүлүгү ачылганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Шайлообек Атазов миграция маселесине жооп берген өзүнчө мекеме керек деген пикирин билдирип, миграциялык функциялар мамлекеттик органдарга ар кандай бөлүштүрүлүп келе жатканы туура эмес экенин белгиледи.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Нурланбек Шакиев  чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөн жарандардын актуалдуу маселелерин натыйжалуу жана ыкчам чечүү үчүн өзүнчө агенттик ачууну сунуштады.

Депутат Чолпон Султанбекова эмгек мигранттарынын каттоосу жана жүрүү тартиби тууралуу маселени көтөрүп, көптөгөн мигранттардын балдары билим берүү мекемелерине барбай жатканы жөнүндө да сөз кылды.

Депутат Лейла Лурова жашы жете элек балдардын укугун коргоо маселеси боюнча башка мамлекеттик органдар менен кандай иштер жүргүзүлүп жатканына кызыкты. Өз кезегинде Кудайберген Базарбаев  2021-жылдын аягына чейин ата-энесиз калган 120 миң бала аныкталганын, анын ичинен 72 миңи тышкы мигранттардын балдары экенин билдирип: “Алардын баары каттоодон өтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө”, - деди.

Депутат Нилуфар Алимжанова Россияда расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу боюнча кандай иштер жүрүп жатканын тактады.

Депутат Нурланбек Азыгалиев болсо мигранттарды Россиянын федералдык миграциялык кызматынын “кара тизмесинен” чыгаруу маселесин көтөрдү. Кудайберген Базарбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө 36 миң жаран “кара тизмеде”, ал эми 47 миң жарандын кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынган.