Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова белгилегендей, мыйзам долбоору 2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган “2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо боюнча керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүүгө багытталган.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо тапты.