Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2022 – жылдын 5 – сентябрындагы жыйналышынын күн тартиби

01-09-2022
10:12

Убактысы: 14:00

Орду: КР Жогорку Кеӊеши, Чыгыш зал (1-кабат)

Аталышы

Демилгечи

Баяндамачы

2.

             «2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

үчүнчү окууга

КР Министрлер Кабинети

(08.04.2022-ж.

№192-токтому)

 

КР Финансы министринин орун басары

 

2.

             «2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

экинчи окууга

КР Министрлер Кабинети

(2022-жылдын 27-майындагы кир. № 6-10474/22)

 

КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары

 

3.

       «2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

экинчи окууга

КР Министрлер Кабинети

(2022-жылдын 1-июнундагы кир. № 6-10902/22)

 

КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри

4.

             «2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

экинчи окууга

КР Министрлер Кабинети

(2022-жылдын 22-июнундагы кир. № 6-13366/22)

 

КР айыл чарба министринин орун басары

 

5.

            «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

экинчи окууга

КР Министрлер Кабинети

(2022-жылдын 10-майындагы кир.№ 6-8561/22)

 

КР юстиция министринин орун басары

 

6.

       Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Люксембург Улуу Герцогдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашуунун долбоору

макулдашууга

КР транспорт жана коммуникациялар министрлиги

(23.06.2022-ж.

№6-13596/22)

КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары

 

7.

Ар кандай:

 

 

 

Эл аралык иштер,

коргоо, коопсуздук жана миграция

боюнча комитеттин Төрагасы                                                               Айдарбеков Ч.