Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

05-09-2022
10:28

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет тарабынан биринчи окууда 2022-жылдын 27-июнунда“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору» каралган.

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Сыдыгалиев Н., Айдарбеков Ч., Төлөнөв Д., Алимжанов Ф., Атажанов Ы., Түмөнбаев А., Акаев Ж., Примов У., Султанбекова Ч., Жакышов Р., Атазов Ш., Ташиев Ш., Таалайбек кызы Ж., Култаева Г., Шакиев Н., Маткеримов А., Түлөбаев Б., Осмонов А., Садырбаева Ж., Сулайманов Э., Ажибаев, Ч.Бакасов У., Эрбаев А. (01.06.2022-ж. кир.№ 6-10968/22).

Мыйзам долбоору укук колдонуу практикасын эске алуу менен офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун чектүү курагын иретке келтирүү; аскер кызматчыларынын топтолгон профессионалдык билимин жана тажрыйбасын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө колдонуу максатында иштелип чыккан. Ушуга байланыштуу, офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун чектүү курагын узартуу сунушталат.