Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргызстан менен Индия бийик тоолуу медицина боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзөт

22-01-2020
13:16

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Баяндамачы Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев бул келишим Кыргызстан менен Индиянын ортосунда илим, медицина, бийик тоолуу шарттагы көйгөйлөрдү иликтөө жана чечүү жаатындагы кызматташтык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. «Эки тараптуу келишимдин алкагында адам баласынын бийик тоолуу шартта жашоо мүмкүнчүлүктөрү изилденип, алар боюнча атайын усулдар иштелип чыгат. Бизде изилдөө жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар бар», - деди ал.