Түз
эфир
21-январда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында КР Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Исаев Асеин Кусеиновичти эки ишти айкалыштыруу боюнча Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен КР Бангладештеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна дайындоо жөнүндө маселе каралды.
Аталган маселе боюнча КР тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов баяндама жасады.
Тармактык комитеттин депутаттары КР Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Исаев Асеин Кусеиновичти эки ишти айкалыштыруу боюнча Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен КР Бангладештеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна дайындоого макулдук беришти.