Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен экспорт үчүн адал эт паркын түзүүнү көздөйт

05-11-2019
16:25

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат. Мындан тышкары, санитардык эрежелерди, заманбап технологиялык жүрүмдөрдү эске албаган мини-цехтер да иштейт. Аларда эт продукциялары иштелип чыгат, сакталат, ташылат жана сатылат, бул калктын ден соолугу үчүн кооптуу.