Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Европа өнүктүрүү банкы «Каракол шаарын суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү» долбооруна насыялык жана гранттык каражат бөлөт

22-10-2019
13:17

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Каракол шаарын суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана «Каракол шаарын суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү» долбоору үчүн инвестициялык грант боюнча макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун экинчи окууда жактырды. 

Келишимге ылайык, «Каракол шаарын суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбооруна 15 жылдык мөөнөт менен 11,224 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана техникалык кызматташтык үчүн 1,224 млн өлчөмүндө инвестициялык гранттык каражат бөлүнөт.

Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, таза суу өз багытында пайдаланбагандыктан, суу көлөмү 2-3 эсе көп берилүүдө. “Ошондон улам, анын кайтарымы начарлап жатат. Калкты таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга үйрөтүү зарыл”, - деген жообун берди.

Андан тышкары, жеӊилдетилген насыя каражаттары 15 жыл аралыгында толугу менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен төлөнөрү, ошого жараша калкка берилген таза суунун наркы да көтөрүлө турганы белгилүү болду. Анткени, каржы донорлорунун талабы ушундай. Мисалы, Каракол шаарында суунун баасы 110 пайызга көтөрүлүүгө тийиш. Шаардык кеӊеш ага макулдугун берген. Бул башка шаарларга салыштырмалуу кыйла арзан болгондуктан, өзүн актабайт, насыянын калган бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.