Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жалал-Абад шаарынын 136800 тургуну таза суу менен камсыз болот, жугуштуу оорулардын саны кыскарат

22-10-2019
13:15

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү инвестициялык гранты боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Баяндамачынын айтымында, Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу тутумдары 1950-1960-жылы курулгандыктан, азыркы учурда суу түтүктөрүнүн жабдуулары реабилитациялоого жана реконструкциялоого муктаж. Долбоордун жыйынтыгы менен 136800 адам таза суу менен камсыз болот.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүдө.

Долбоордун жалпы наркы 9,275 млн евро түзөт, анын ичинде:

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити – 4 млн евро;

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фондунун гранты – 4,125 млн евро;

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранты - 1,15 млн евро.

Насыя 15 жылга 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен Euribor +1,0 пайыз аркылуу берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл.

Андан тышкары, жеӊилдетилген насыя каражаттары 15 жыл аралыгында толугу менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен төлөнөрү, ошого жараша калкка берилген таза суунун наркы да көтөрүлө турганы белгилүү болду. Анткени, каржы донорлорунун талабы ушундай. Мисалы, Каракол шаарында суунун баасы 110 пайызга көтөрүлүүгө тийиш. Шаардык кеӊеш ага макулдугун берген. Бул башка шаарларга салыштырмалуу кыйла арзан болгондуктан, өзүн актабайт, насыянын калган бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.