Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат берет

22-10-2019
13:12

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасынын 1-подпрограммасынын Гранттык макулдашуусу жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Экономикалык диверсификацияны илгерилетүү Программасы соода жана инвестицияда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган. Программа төрт саясаттын негизги багыттарынан турат: Соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, Тармактар менен байланышкан көндүмдөрдү өнүктүрүү.

Бул программыны ишке ашыруу жаатында Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат берет.