Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону жактырышты

15-10-2019
17:14

Бүгүн, 15-октябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Жыйында КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик  кызматынын төрагасынын орун басары Мыктыбек Абиров мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Анын маалыматы боюнча ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер өз мыйзамдарын шайкеш келтире башташты. Орусия менен Беларусь аталган макулдашууну ратификациялап коюшту. Баяндамачы депутаттар Тынчтык Шайназаров менен Бахадыр Сулеймановдун суроолоруна жооп берип жатып, ЕАЭБдин алкагында бирдей мыйзам болбойт, ар бир өлкө мыйзамдарын шайкеш келтирүү деӊгээлин өздөрү аныктайт.

Комитет төрагасы Исхак Пирматовдун сунушу менен мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.