Бүгүн, 15-октябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында үч ратификациялык мыйзам долбоору каралды.
- «2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору;
- «2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору;
- «2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору.
Комитет жыйынында аталган 3 мыйзам долбоору боюнча КР Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев баяндама жасады.
Комитет төрагасы Исхак Пирматовдун сунушу менен аталган мыйзам долбоорлору 1-окууда жактырылды.