Түз
эфир
Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Каракол шаарын суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана «Каракол шаарын суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү» долбоору үчүн инвестициялык грант боюнча макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Келишимге ылайык, «Каракол шаарын суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбооруна 15 жылдык мөөнөт менен 11,224 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана техникалык кызматташтык үчүн 1,224 млн өлчөмүндө инвестициялык гранттык каражат бөлүнөт.