Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Париж келишими ратификацияланса, анын алкагында 9 млн 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт

11-09-2019
11:04

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шериповдун айтымында, бул келишимдин алкагында акчалай жана техникалык жардам бериле турганын белгиледи. «Келишим ратификацияланса, анын алкагында 9 млн 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Анын ичинде, 8 млн доллар Баткен жана Нарын облустарын сугат суу жана алтернативдүү энергия булагы менен камсыз кылуу багытында жумшалат. Ал эми калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу салып алынмакчы», - деди ал.

Депутат Максат Сабиров токойчулардын маянасы 5800 сомдун тегерегинде экенин, агенттик алардын кесибине көӊүл бурулбай калганын, токойчулукка отставкадагы милициялар дайындалып жаткан айтып, Токой чарба агенттигин кадрдык саясатын сынга алды. «Ушул сындуу каражаттар бөлүнүп жатат, бирок натыйжа жок болууда», - деп кошумчалады ал.