Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар эл аралык келишимдер 3 окууда жактырылды

26-06-2019
12:39

Бүгүн, 25-июнда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралып, 3 окууда жактыруу чечими кабыл алынды. Алар:

- «Бишкек шаарында 2019-жылдын  24-майында кол коюлган 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоцияциясынын  ортосундагы “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” жөнүндө долбоорду  каржылоо жөнүндө  Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  макудашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору:

- «2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган , 2015-жылдын  31 июлундагы «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо . 2 фаза» долбоорун каржылоо үчүн  Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия  турукташтыруу жана өнүктүрүү  фондунун каражаттарынан инвестициялык  кредит берүү жөнүндө №4  макулдашуу боюнча №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо  тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору%

- “2019-жылдын  23-майында  Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо  жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы  “Мырза-Аке, Дөӊ-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  суу менен жабдуу системаларын  реабилитациялоо” долбоору  боюнча кредиттик  макулдашууну жана 2019-жылдын  23-майында Бишкек шаарында  кол коюлган Кыргыз Республикасы менен  Европа реконструкциялоо  жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Мырза-Аке, Дөӊ-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен  жабдуу системаларын реабилитациялоо”  долбооруна Европа союзу тарабынан берилүүчү  инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;

«2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  долбоору

Аталган маселелелер боюнча комитет жыйынында КР Айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Өнөржай, энергетика жана жаратылыш байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Назаров, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарбалар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев, Кр саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев баяндама жасашты. Ошондой эле баяндамачылар мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеӊештеги алты фракциянын чечимдери бар экенин билдиришти.

Комитет аталган макулдашуулардын баарын 3 окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.