Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет бир катар эл аралык келишимдерди 3-окууда жактырды

26-06-2019
12:38

Бүгүн, 25-июнда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында бир катар эл аралык ратификациялык мыйзам долбоорлору 3-окууда жактырылды. Алар:

- 2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкы менен ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» боюнча Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкы менен ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» боюнча Гранттык макулдашууну» ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;

- «2018-жылдын 28-декабрында Бишкек ш. кол коюлган КР менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек ш. кол коюлган КР менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору.

Мындан сырткары, жыйын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  мыйзам долбоору 3-окууда жактырылып, Жогорку Кеӊештин кароосуна жолдонду.