Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеӊештин тармактык комитети Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчисин дайындоого макулдук берди

29-05-2019
16:01

Бүгүн, 28-майда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана  ыйгарым укуктуу элчисин дайындоо маселеси каралды.

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев аталган кызматка Байсалов Эдил Жолдубаевичтин талапкерлигин сунуш кылды.

Жогорку Кеӊештин тармактык комитети Байсалов Эдил Жолдубаевичти Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана  ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоого көпчүлүк добуш менен макул болушту.