Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык комитет Түркия жана Түркмөнстан менен ратификациялык макулдашууларды жактырды

29-05-2019
16:00

Бүгүн, 28-майда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында төмөнкү эки эл аралык макулдашуу каралды:

- «2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору;

- «2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов жогорудагы сунушталган эки макулдашуунун негизинде өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу маселелерин биреликте чечүүгө өбөлгө болоорун, маалымат алмашуу камсыздалаарын, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жаатында адистерди биргеликте даярдоого шарт түзүлөөрүн, биргелешкен иш-чараларды, окууларды, машыгууларды өткөрүлөөрүн билдирди.

Комитет төрагасы Исхак Масалиевдин сунушталган эки мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу боюнча сунушун комитет мүчөлөрү колдоого алышты.