КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 57-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен
Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин
ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык
комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 163-VII, 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII, 2022-жылдын 14-декабрындагы № 726-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:
Азыгалиев Нурланбек Асанбекович;
Нилуфар Якубжановна Алимжанова;
Фарходбек Айбекович Алимжанов;
Ырысбек Ысламович Атажанов;
Фархат Даткабаевич Исмаилов;
Азизбек Атакозуевич Турсунбаев.
2. Парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Азыгалиев Нурланбек Асанбекович шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 726-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2.1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алимжанов Фарходбек Айбекович Парламенттер аралык Комиссиянын тең төрагасы болуп шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII токтомунун редакциясына ылайык)
3. Парламенттер аралык комиссия жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Кыргыз
Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасынын орун
басары У.Примов